Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Кыргызстан эмки жылы Жамбыл облусуна суу берүүгө макул болду
15.11.2023 | 11:05
Казакстан менен Кыргызстан Жамбыл облусуна суугат учурунда суу менен камсыз кылууну макулдашты. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Суу жана ирригация министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Талас дарыясынын “Түйтө” каналына кайра суу берүү чечими кабыл алынды.
Казакстан суу каналдарынын саны көбөйтүү максатын көздөп жатканы кабарланат. Ал «Акмолдо», «Каратакы», «Төмөнтамга», «Колос», «Кож» каналдары аркылуу дагы Кыргызстандан суу алууну пландоодо.
«Бул жылы Жамбыл облусунун дыйкандары суу тартыштыгына кабылды. Эмки жылы мындай кыйынчылыктар болбошу үчүн алдын-ала пландоо иштерин жүргүзүп жатабыз”,- деди кошуна өлкөнүн министри Нуржан Нуржигитов.
Эскерте кетсек, Казакстанга суу берүү 10-августта токтотулуп, октябрь айында кайра жанданган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом