Кыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулатЧүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат«Шылтоолор гана». Садырбаева картошканы сатуу маселесине байланыштуу Айыл чарба министрлигин сынга алдыТакси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштү
Чүйдө жубайлардын чыры өлүм менен аяктады
25.08.2022 | 10:18
Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 24-августта Ысык-Ата РИИБге Новопокровка айылынын 1978-жылы туулган Ш.О. аттуу тургунунун сөөгү өзүнүн үйүнүн короосунда табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн
курам менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип өлгөн адамдын аялы, 1983-жылы туулган Ш.Ю. кармалган.
Учурда шектүү убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Кылмыш ичкиликтен келип чыккан уруштун айынан болгондугу аныкталды.
Тергөө уланып жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал