2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштады
Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан эки өспүрүм каза болду
25.08.2022 | 10:00
Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан эки өспүрүм каза болуп, үч адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 390-чакырымында катталган, Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четинде токтоп турган чиркегичти сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 5 эркек адам жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин 4 адамды тез жардам кызматы Кара-Көл шаардык ооруканага алып кетишкен, ал эми кыпчылып калган 1 адамды куткаруучулар чыгарып ооруканага жеткизишкен. Абалдары оор.
Ооруканадан 2006-жылы туулган К.М. жана 2006-жылы туулган К.Э. аттуу балдар каза болушкан. Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом