АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Чүйдөгү каналга унаа кулап, 21 жаштагы кыз каза болду
20.10.2022 | 10:11
Ысык-Ата районунда Чоң Чүй каналына унаа түшүп кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Красная Речка айылында “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, ЧЧК суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык болгон жерден 1990-жылы туулган М.у.К. аттуу эркек киши суудан сүзүп чыккан. Куткаруучулар тартылып, унааны суудан чыгарышкан.
Ичинен 2001-жылы туулган И.к.Ф. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Жерине жалпы 7 куткаруучу тартылды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар