Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
Президент: Кыргызстан 2100-жылга чейин мөңгүлөрдүн жарымынан көбүн жоготушу мүмкүн
07.11.2024 | 16:52
Кыргызстан 2100-жылга чейин мөңгүлөрдүн жарымынан көбүн жоготуп алышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде билдирди.
Ал акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарганын айтты.
“Өлкөнүн айрым аймактарында бардык мөңгүлөр дээрлик жок болгон. Алар биздин өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн ичүүчү таза суунун булагы болуп саналат. Биздин аймак дүйнөнүн эң ысык климаттын аярлуу аймактарынын бири экенин эске алсак, 2100-жылга чейин мөңгүлөрдүн жарымынан көбүн жоготуп алышыбыз мүмкүн”, – дейт.
Жапаров Түрк мамлекеттер уюму климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу, экологиянын булганышын азайтуу багытында кызматташуусу керектигин белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом