Чүйдөгү сүт маселеси боюнча жумушчу топ түзүлөт

Чүйдөгү сүт маселеси боюнча жумушчу топ түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери, сүт продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анда айыл чарба тармагындагы көйгөйлөр, сүт өткөрүү, анын сапаты жана баасына байланышкан кырдаал талкууланды.

Сүт алган компаниялар менен элдин ортосунда продукцияны кабыл алуу жана анын сапатын баалоо боюнча бирдиктүү стандарттардын жоктугу, ушундан улам талаш-тартыш жаралып жатканы айтылды.

Жыйынтыгында кызыкдар тараптардын катышуусунда эки жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Биринчиси кайра иштетүүчү ишканалар менен продукцияны тапшыргандардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапаты боюнча стандарттарды иштеп чыгат.

Экинчиси эки тараптын ортосунда түзүлүп, өз ара иштөө эрежелерин жана шарттарын аныктайт.

1-майда Чүй облусунун Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы, Токмок, Шопоков шаарларындагы малчылар сүтүн сата албай, сууга төгүп жатканы тартылган тасмалар социалдык тармактарга тараган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>