19 тонна алтындын чыгарылышы: Комиссия чоо-жайын айтты (видео)

19 тонна алтындын чыгарылышы: Комиссия чоо-жайын айтты (видео)

Коомчулукта чыр жараткан 19,2 тонна алтын Улуттук банк тарабынан Швейцарияга чыгарылып сатылган. Бул тууралуу «Кумтөрдүн» Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Надира Нарматова билдирди.

Анын айтымында, 19,2 тонна алтын 2021-жылы сатылган.

«19,2 тонна алтын 1,1 млрд долларга сатылган. Алтындан түшкөн каражат Улуттук банк тарабынан интервенция жасоого жумшалган. 2021-жылы Улуттук банк алмаштыруу курсун жөнгө салуу максатында 736,95 млн долларды сатуу боюнча интервенция жүргүзгөн», — деди ал.

Андан тышкары, Министрлер кабинетинин тышкы карызды чет өлкө валютасында төлөөсү үчүн 192,2 доллар берилген.

Нарматованын айтымында, 19,2 тонна алтын мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн иштетилген.

Буга чейин коомчулукта өлкөдөн 19,2 тонна алтын чыгарылып кеткени тууралуу  айтылгандан кийин “Кумтөр Голд Компани” ЖЧКсынын Кыргызстандын менчигине өткөн учурдан тартып алтын өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>