Парламент чуулгандуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

Парламент чуулгандуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында мүлкүн жашырган адамдарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет төрагасы Данияр Төлөнөв белгилегендей, бул долбоор жеке жактардын мүлктөрүн, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган жана Кыргызстандын чегинен тышкары жайгашкан мүлктөрүн декларациялоо учуруна карата ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун натыйжалуу укуктук механизмин түзүү; КРнын экономикасына ички жана сырткы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын көрсөткүчүн азайтуу; активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул мыйзамда каралган мүлктөрү ыктыярдуу декларацияланганга чейин болушу мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон коргоо максатында иштелип чыккан.

Талкуу учурунда депутат Мирлан Бакиров аталган мыйзам карапайым элге эмес, элди тоноп-уурдаган байларга иштей тургандыгын айтып, бул мыйзам аркылуу алардын байлылы  мыйзамдаштырылып, андан өкмөт пайда көргөн атканын белгилеп, бул мыйзам долбоорго каршы пикирин билдирди.

Ошондой эле, депутат Адахан Мадумаров “аталган мыйзам долбоор аркылуу коррупциялык схемаларды легалдаштарып аткан жоксуңарбы? деген суроо узатты.

Өз кезегинде экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мунапыс берүү мыйзамдары дүйнөлүк практикада колдонулуп келгенин айтып, Кыргызстандагы бардык жарандарды  декларация тапшырууга даярдоо максатында да иштелип чыкканын белгиледи.

Талкуунун соңунда аталган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса активдерин ачыктаган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Буга чейин экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов аталган мыйзам долбооруна ылайык, 100 млн сом же андан ашык мүлкүн ачыктаган жарандан 1 млн сом төлөм алынарын айткан.

Эскерте кетсек, 2022-жылы аталган мыйзам долбооруна добуш берүү убактылуу жылдырылган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>