Евразиядагы коопсуздук: ЖККУнун альтернативасы эмне үчүн жок?Сузакта жер документтерин жасалмалоого шектелип үч жаран кармалдыБишкекте ачкыч тууралап Honda Fit айдап качкан эркек кармалдыАйдоочуларга эскертүү: Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу барКыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомго, ал эми баалар 8,8%га жогоруладыМинкаб Бишкектеги баш-аламан курулуш боюнча тапшырманын 80%ын аткарган жок — Бекешев
COVID-19: Чүй облусунда той, мааракелерди өткөрүүгө чектөө кирди
19.01.2022 | 10:41
Чүй облусунда үйлөнүү үлпөт, маараке жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди. Мындай чечим COVID-19 инфекциясынын жаңы учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынды.
Ысык-Ата Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын Чүй облусу боюнча ишмердүүлүгүн координациялоо функциялары менен эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев белгилегендей, бул толкун учурунда оорулардын саны көбүрөөк болуп жатат. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында ооруган учурлар көп. Буга байланыштуу билим берүү мекемелерине баруу боюнча мониторинг күчөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом