УКМК: Негизсиз кармалып отурган киши бошотулду

УКМК: Негизсиз кармалып отурган киши бошотулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Жалал-Абад шаарынын батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “М.А.” аттуу жаран  аныкталып бошотулду. Бул туурасында жашыруун кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал киши ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган.  Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “М.А.” иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес болгон.

2022-жылдын 17-январында кылмыш иши боюнча арыз ээлери жана алардын жактоочусу менен бирге тергөө органына келүү макулдашылган, бирок алар келбей, АКИpress маалымат агенттигинин пресс-конференциясына катышуу менен чектелишти.

Ошол эле учурда арыз ээлери тергөө органга үстүбүздөгү жылдын 18-январынын кечинде гана келишкен. Алардын катышуусу менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында “А.М.”, “М.К.”, “Р.И.” жана “А.Я.” кармалып, Жалал-Абад шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>