COVID-19: ДСУ беткап кийүүгө чакырды. Бейшеналиев кайра эмдөөдөн өттү

COVID-19: ДСУ беткап кийүүгө чакырды. Бейшеналиев кайра эмдөөдөн өттү

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан COVID-19га каршы эмделди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Министр «Синовак» вакцинасын алды.

Алымкадыр Бейшеналиев  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырганын белгилейт.

“Бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек”, — дейт ал.

Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталындаPfizer вакцинасынын20 000 дозасынын келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык уюмунун жетекчиси Тедрос Гебрейесус 5-январда COVID-19 акыркы 2 аптада күч алганын айтып, беткап кийип, эмдөөдөн өтүүгө чакырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>