Сүлүктүдөгү шахтада уранды алдында калган эки адам куткарылды (видео)

Сүлүктүдөгү шахтада уранды алдында калган эки адам куткарылды (видео)

Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада уранды алдында калган 2 кен казуучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-январда болжол менен саат 19:49да ӨКМге «Түштүк 3» шахтасы ураганы жана көмүр казган эки адам уранды алдында калганы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерине 18 куткаруучу тартылган.

Жерине барган куткаруучулар 32 жаштагы И.Х. аттуу жаранды жарым саат, дагы 30 мүнөттөн кийин 48 жаштагы И.М. аттуу жаранды аман-эсен куткарып чыгышкан. Куткаруу иштери 140 метр тереңдикте жүргүзүлгөн.

Куткарылгандар «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилген.

ӨКМдин маалыматы боюнча, акыркы 2 жылда Сүлүктүдө ӨКМ кызматкерлери көмүр шахталардагы 94 куткаруу иштерине тартылып, 6 кишинин өмүрүн сактап калган.

Тэги: Баткен ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>