Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
COVID-19: Кыргызстанда ооруканага түшкөн бейтаптардын саны өстү
15.07.2022 | 13:02
Кыргызстанда коронавирус менен ооруканага түшкөн бейтаптардын саны өстү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бир суткада республиканын ооруканаларына COVID-19 инфекциясы менен 12 бейтап түшкөн. Июль айынын башынан тарта республиканын ооруканаларына коронавирус аныкталган 40 адам түшкөн.
“Учурда коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптарды Республикалык инфекциялык ооруканасы жана аймактарда ооруканалардын инфекциялык бөлүмдөрү кабыл алууда”, – деп айтылат маалыматта.
Санэпидкөзөмөл департаментинин маалыматына караганда, Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 85 жаңы учуру катталган. Ал эми кечээ, 14-июлда өлкө боюнча 47 адамдан COVID-19 аныкталган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом