Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши көбөйүүдө

Энергетика министрлигинин болжолдоосуна ылайык, октябрга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,5 миллиард кубометрге чейин көбөйөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында аталган мекеменин жетекчиси Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде суунун көлөмү 7,8 миллиард метр кубду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард метр кубга аз болгон. Бирок, учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 миллиард кубометрге көбөйгөн.

«Суунун агып кириши орточо эсеп менен 105%ды түзсө, өткөн жылы суунун агып кириши 93-95%ды түзгөн», — деди энергетика министри.

Ал белгилегендей, 2020-жылы ГЭСтин башталышында суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард кубометрди, ал эми 2021-жылы 12,3 миллиард кубометрди түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>