COVID-19: Кыргызстанда вакцина сактоочу сегиз кампа курулат

COVID-19: Кыргызстанда вакцина сактоочу сегиз кампа курулат

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVD-19га өзгөчө чара көрүү” долбоорунун алкагында республика боюнча райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда вакциналарды сактоо үчүн 8 кампа куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Токтогул, Ала-Бука, Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунда, Жалал-Абад шаарында жана Араван районунда вакцина сактоочу 6 кампаны куруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо жана коопсуздук борборунда жана Кербен шаарынын санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгында курулушту баштоо күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында буга чейин Москва, Кемин, Базар-Коргон райондорунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө, ошондой эле Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык борборлордо вакциналарды сактоочу кампалар оңдолуп бүттү. Анда терезе, эшик, пол жабуу жана электр тармактарын алмаштыруу менен имараттын ичинде ондоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле вентиляциялык соргучтар, суу жылыткычтар жана раковиналар орнотулуп, канализация түтүктөрү тазаланды. Мындан тышкары Чаек айылдагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдө оңдоо иштери аяктоо алдында турат.

Долбоордун эсебинен Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине 50 тоңдургуч жана вакциналарды сактоо үчүн 50 термоконтейнер сатылып алынды. Долбоордун алкагында Республикалык иммунопрофилактика борборуна тоңдургуч бөлмөнү (тоңдургуч бөлмө – вакциналарды сактоо температурасында (-15-25 градус) сактоо үчүн атайын адистештирилген чоң тоңдургуч камера) да берүү күтүлүүдө.

Долбоордун максаты өкмөткө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана меджабдууларды сатып алуу, саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>