Бишкекте аялдар онкологиялык ооруга каршы акысыз текшерилет

Бишкекте аялдар онкологиялык ооруга каршы акысыз текшерилет

Ушул жылдын 6-июлунан 13-июлуна чейин Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, кароону Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери жүргүзөт.

“Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин Улуттук онкология жана гематология борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек”, — деп айтылат маалыматта.

Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдан ала жазылуу менен жүргүзүлөт.

Көңүл бургула! Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар:

— кош бойлуулук;

— этек кир;

— скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.

Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.

Аялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 2023-жылдын 27-июнунда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн министр Гүлнара Баатырованын профессорлор Чжан Лей жана Ченг Виньцзюнь баштаган кытайлык адистердин делегациясы менен жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген.

Кытай келечекте Кыргызстандын медицина тармагындагы маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Жатын моюнчасынын рагы — биринчи эл аралык медициналык кызматташуу долбоору болот. Кытай делегациясынын иш сапарынын максаты — аялдарга жатын моюнчасынын рагын алгачкы баскычта аныктоого мүмкүнчүлүк берүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>