COVID — бул алдамчылык. Депутат Атазов вакцина алууга каршы

COVID — бул алдамчылык. Депутат Атазов вакцина алууга каршы

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов COVID-19га каршы вакцина сатып алууга каршы экенин билдирди.

Анын айтымында, буга чейин вакцина алуу үчүн 3 млн доллар бөлүнгөн.

«Бул каражаттар кайда кетти? Вакцина үчүн буга чейин каражат бөлүнгөн. Аны дагы жеп алдыңар. Силер мамлекетти жана адамдарды алдап жатасыңар. COVID-19 эчак эле бүтпөдү беле.  Азыр адамдар шорпо, кымыз ичип дарыланып жатышат. Силер болсо вакцина алуу учун насыяга каражат алган жатасыңар. COVID-19 бул акча жасоо үчүн ойлоп табылган дүйнөлүк алдамчылык болду. Силер 2024-жылга чейин жарандарга вакцина сайган жатасыңар. Муну токтотуш керек. Дүйнө эли коронавирусту унутуп, жакшынакай жашап жатышат. COVID-19 модадан калган”, — деди депутат Шайлообек Атазов.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцина сатып алуу үчүн 25 миллион доллар бөлүп берүүдө. Анын 12 млн доллары насыя катарында берилүүдө. Долбоордун макулдашуусу аталган комитеттин жыйынында каралууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>