Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кыргызстанда Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери алмашты — кимдер дайындалды
10.10.2026 | 10:05

Кыргызстанда Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) жана Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) жетекчилери алмашты. Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алмаз Салиев МБКнын төрагасы кызматынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин МБК жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келген Улан Кимсанов дайындалды.
Салиев ведомствону 2025-жылдын 19-февралынан бери жетектеп келген.
Ошондой эле ведомствону 2026-жылдын 10-февралынан бери башкарып келген Абдикарим Алимбаев МЧКнын төрагасы кызматынан бошотулду.
МЧКнын жаңы жетекчиси болуп буга чейин аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеген Данияр Сатимов дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом