Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-сентябрда клиникалык сыноо учурунда Pfizer вакцинасы 12-15 жаштагы балдар арасында жогорку натыйжалуулугун жана коопсуз экенин көрсөткөнүн маалымдаган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 12 жаштагы балдарга Pfizer вакцинасын алуу сунушун берген.
13-сентябрда Өзбекстанга Pfizer / BioNTech вакцинасынан 1 200 000 доза жеткирилген.
Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө быйыл 1-апрелде башталган. Ушул апта орус өндүрүшүнөн чыккан «Спутник V» менен Кытайдын ZF-UZ-VAC 200 вакцинасы, мындан тышкары AstraZeneca, Moderna жана Pfizer / BioNTech вакциналары колдонулууда.
Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда 4 283 645 адам толугу менен эмдөөдөн өттү.