COVID-19га байланыштуу Москва мектептеринде эки апталык каникул жарыяланды

COVID-19га байланыштуу Москва мектептеринде эки апталык каникул жарыяланды

Москва мэри Сергей Собянин коронавирус жуктургун учурлар көбөйүп жатканына байланыштуу шаар мектептеринде 5-18-октябрь аралыгында эки апта каникул болорун жарыялады.

Адатта Орусия мектептеринде күзгү эс алуу бир аптага созулат. Бирок санитардык дарыгерлердин сунушу боюнча күзүндө сасык тумоо жана коронавирус жуктурган учурлар көбөйүп жатканын эске алуу менен каникулду эки аптага узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Маалыматка караганда, бул маалда дистанттык окуулар да болбойт. Кошумча билим берүү мекемелери да өз ишин токтотот. Бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.

Собянин ата-энелерге кайрылып, каникул учурунда балдар үйдөн же дачадан чыкпаш керек экенин эскертти.

“Ушул тапта ооругандардын көбү – балдар. Көпчүлүк учурда илдеттин белгилери байкалбайт. Алар үйгө келгенде вирусту чоңдорго жана кары кишилерге оңой эле жуктуруп коюшуда», – деп айтылат мэриянын сайтындагы билдирүүдө.

25-сентябрда Москва бийлиги расмий түрдө жашы 65тен жогору кишилерге жана өнөкөт оорусу бар адамдарга, кош бойлуу аялдарга кайрылып, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого, обочолонуу режимин сактоого чакырган. Собянин көчөгө чыккан пенсионерлерге айып пул салынбай турганын да айткан. Мындан тышкары ири ишканалардын кызматкерлерине аралыктан иштөө боюнча сунуш берилген. Москвада дүкөндөрдө жана коомдук транспорттордо беткап тагынып жүрүү талабы күчүндө.

“Ачык медиа” басылмасы Орусияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйүп жатканына байланыштуу карантиндик чектөөлөрдү кайра жандандыруу маселеси каралып жатканын жазды. Маалыматка караганда, эгер бир суткада инфекция жуктурган адамдардын саны 10 миңден ашса, айыккандарга караганда ооругандар көбөйсө жалпы карантин киргизилиши ыктымал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>