Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Мектептер жана мамлекеттик бала бакчалар ачылабы? Министрликтин жообу
29.09.2020 | 14:50
Бүгүнкү күндө Билим берүү министрлиги менен биргеликте алгоритмдер иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жеке бала бакчаларда аз сандагы балдар бар жана санитардык талаптарга жооп берүү үчүн бардык шарттар каралган.
«Ал эми мамлекеттик бала бакчаларда балдардын саны көп жана баарына жекече мамиле керек, ошондуктан бул маселе дагы деле каралып жатат. Мындан тышкары, эгерде бардык чаралар – беткап режими жана социалдык аралык сакталса, 2-6-класстар үчүн мектепти калыбына келтирүү маселеси каралууда. Кийинки этаптарда башка класстарды жана жогорку окуу жайлардын студенттерин окутуу каралат », – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом