Дагы бир депутат Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады

Дагы бир депутат Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады

Депутат Шайлообек Атазов Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат коом спорттун маанисин баалабай жатканын, ошол эле учурда бул тармак Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдеп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, ал жыл өткөн сайын эл аралык абройлуу мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгон кыргызстандыктар көбөйүп жатканын белгиледи.

«Көптөр спортту жөн гана аренадагы күрөш деп ойлошот. Бирок андай эмес. Бул волейбол, теннис жана сууда сүзүү. Биринчиден, ден соолук жана тартип», — деди ал.

Атазовдун айтымында, буга чейин депутаттар тобу спорт тармагын Маданият министрлигинин карамагынан чыгарып, өзүнчө бөлүм кылып түзүү маселесин көтөрүшкөн. Тиешелүү токтом дагы даярдалган.

«Бул токтом президентте. Кудай буюрса ага кол коет деп ойлойм, анткени президент дагы спортту жакшы көрөт. Бирок ошол эле учурда Министрлер кабинетинен тоскоолдуктар болуп жатат. Спорт тармагындагы көйгөйлөрдү — аз айлык, күчтүү машыктыруучулардын жана спорттук инфраструктуранын жоктугу жана башка көптөгөн маселелерди чечүү үчүн вертикалдуу саясат керек. Муну Спорт министрлиги жасашы зарыл, бирок Министрлер кабинети регламентке шылтоолоп, бул маселени кийинкиге жылдырып жатат», — деди депутат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Спорт министрлигин түзүүнү сунуштаган.

Депутат Эмил Жамгырчиев жаңы министрлик түзүүнү сунуштады

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>