УКМК: Ысык-Көлдө 58,65 га сугат жер мамлекетке кайтарылды

УКМК: Ысык-Көлдө 58,65 га сугат жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 14,6 млн сомго бааланган 58,65 га сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен, Отраднен айыл аймагынын өндүрүштүк-коммерциялык фирмалардын бирине жер тилкеси бөлүнүп берилип, анын негизинде ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик акт чыгаргандыгы аныкталган.

«Андан кийин, 2014-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттары жана өндүрүштүк-коммерциялык ишкананын төрагасы, жер комиссиясынын өкүлдөрүнөн, айыл өкмөтүнүн адистеринен турган комиссия тарабынан, коомдун 27 мүчөсүнүн жер тилкелерин анын төрагасынын жеке менчигине берүү зарылдыгы жөнүндө акт түзүлгөн.  Ошол эле учурда, кийин айыл чарба өндүрүштүк кооперативи болуп кайра түзүлгөн ишкананын мүчөлөрү Ак-Суу районунун Отраднен айыл аймагынын аймагында иш жүзүндө жашашкан эмес», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>