Бишкекте өткөн «Музейдеги түн» акциясынан сүрөт баян

Бишкекте өткөн «Музейдеги түн» акциясынан сүрөт баян

18-майда Бишкек шарында эл аралык салттуу Музейлер күнүнө карата «Музейдеги түн» акциясы өттү.

Акция саат 17:00дѳн  22:00гѳ чейин Улуттук тарых музейинде өтүп, ага 5 миңден ашуун кѳрүүчүлѳр катышты. Анда бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулду.

Музей кѳрүүчүлѳрү жана сүйүүчүлѳрү үчүн экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, авиация моделдерин, турак жай макеттерин жасоо, улуттук оюндар, живопись жана скульптура жана башка түрдүү ѳнѳрлѳр боюнча мастер-класстар менен дүйнѳ элдеринин маданий ѳзгѳчѳлүктѳрүн чагылдырган япон элинин оригамилери, кытайдын каллиграфиялык сулуу жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы, индиянын пластикалык бийлери тартууланды.

Уз чеберлер кыргыздын салттуу элечек ороо, кыздын чачын ѳрүү, ийик ийүү сыяктуу эзелки элдик ѳнѳрлѳрүн кѳрүүчүлѳргѳ үйрөтүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>