ИИМ башчысы Бостериде каза болгон Бекболдун ата-энеси менен жолукту

ИИМ башчысы Бостериде каза болгон Бекболдун ата-энеси менен жолукту

Бүгүн, 10-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн Бостери айылында каза болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Талас облусунун губернатору Нурлан Дарданов, Ысык-Көл облустук милициянын жетекчилиги, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышкан.

Улан Ниязбеков маркумдун жакындарына бул факты ар тараптуу жана объективдүү караларын айткан. Ал билдиргендей, Ысык-Көл облустук милициясында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө, ыкчам, криминалисттик кызматтардын эң тажрыйбалуу кызматкерлери кирген. Учурда кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

«Улан Ниязбеков жакындарынын, ошондой эле күбөлөрдүн пикирин укту. ИИМ башчысы облустук жана райондук милиция тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жаткандыгын билдирди. Бул иш президенттин көзөмөлүндө экенин, тергөөнүн ар бир аракети менен жеке таанышып, изилдеп жаткандыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, кандайдыр бир шектенүүлөрдү жоюу максатында, тергөө амалдарын жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында бардык тергөө процесстери тууралуу туугандарына маалымат берилерин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден белгилешкендей, маркумдун ата-энеси жана жакындары ИИМ жетекчилигине болуп өткөн окуяга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тергөө объективдүү жүргүзүлөт деген үмүтүн билдирген.

«Эске салсак, 23 жаштагы А.Б.нын (Бекбол Аманкулов) өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл жана Кара-Буура райондорунун соттук-медициналык экспертиза бюролорунда зарыл экспертизалар дайындалган. Бүгүнкү күндө экспертизалардын расмий корутундулары даяр эмес», — деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин Бекбол Аманкуловдун агасы иниси ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун билдирип жатканын айтып чыгып, окуянын күбөлөрү болсо, маалымат берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле, маркумдун достору кайрылуу жасап, прокуратурадан ишти көзөмөлгө алуусун суранган.

7-августта облустук милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үн катып, маалымат берген.

Ошондой эле, Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ишти президент жеке көзөмөлүнө алганы, укук коргоо органдарына объективдүү иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы кабарланган.

Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн  соттук-медициналык экспертиза Таласта өткөрүлөрү белгилүү болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>