Кыргызстандык жаш окумуштуу европалык сынакта жеңиш үчүн ат салышууда

Кыргызстандык жаш окумуштуу европалык сынакта жеңиш үчүн ат салышууда

Кыргызстандык жаш илимпоз Айжамал Субанбекова Лимерик университети (University of Limerick) уюштурган Research Week 2023 илимий сынагына катышып, жеңиш үчүн ат салышууда.

Айжамал абадан суу чогултуу үчүн кристаллдарды колдонуу менен жасаган ишин көрсөттү («Crystal Clear: Use Crystals for Water Harvest from Air»).

Азыр кыргыз окумуштуусу илимий эмгектерин визуалдык көрсөтүү стадиясында турат. Окуу жайдын @UL_Research Twitter аккаунтунда 22 мыкты эмгек тандалып алынган, анын ичинде Айжамал Субанбекованын изилдөөсү да бар.


Твиттерде эң көп лайк топтогондор кийинки баскычка өтүп, эң мыкты 10 окумуштуунун катарына кирет. Добуш берүү 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 00:29да аяктайт. Кыргыз окумуштуусунда мыктылардын катарына кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Келгиле, мекендешибиз Айжамалды Твиттердеги постунун астына лайк басып колдоп коелу!

Кыргызстандык Ирландиянын Лимерик университетинде химия илимдеринин кандидаты болуп саналат, ал дүйнөлүк деңгээлде таанылган QS Stars рейтинг системасы тарабынан 5 жылдыз рейтингине ээ болгон. Бул мүмкүн болгон эң жогорку сыймык жана университет бул стандартка 2023-жылы жеткен жалгыз ирландиялык университет болуп саналат.

Бул рейтингде UL дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын 2% ына кирет. Жыл сайын университет Изилдөө жумалыгын уюштурат, бул бир жумалык иш-чарада таланттуу изилдөөчүлөр өз иштерин кеңири коомчулукка көрсөтүүгө, илимпоздордун, дүйнөнүн булуң-бурчунан өнөр жай өнөктөштөрүнүн ортосундагы кызматташууга келүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>