Данияр Амангелдиев «Тамчы» эл аралык зонасынын келечеги тууралуу айтып берди

«Тамчы» эл аралык инвестициялык-финансылык зонасын түзүү ички финансылык жүгүртүүнү көбөйтүүгө, инвестиция тартууга жана бюджетке кошумча түшүүлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жаңы зона инвестициялык фонддорду башкаруу жана заманбап финансылык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн түзүлүүдө.
«Бул зонада жүгүртүү канчалык көп болсо, бюджетке түшүүлөр жана дивиденддер ошончолук көп болот. Мындай аймак финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт жана инвесторлор үчүн кепилдиктерди камсыз кылат», — деп белгиледи Амангелдиев.
Ал Кыргызстан зонаны түзүүдө Гонконг, Абу-Даби, Дубай жана «Астана» эл аралык финансы борбору сыяктуу дүйнөдөгү алдыңкы финансы борборлорунун тажрыйбасына таянарын билдирди.
Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары мындай аянтчалардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — англис укугунун принциптерине негизделген көз карандысыз сот тутумунун болушу экенин белгиледи.
Амангелдиев «Астана» эл аралык финансы борбору түзүлгөндө талаштарды кароого Улуу Британиядан эл аралык стандарттарга ылайык иштеген соттор тартылганын эске салды.
Кыргызстан дагы бул тажрыйбаны колдонууга ниеттенүүдө. Анын айтымында, учурда чет элдик инвесторлордун ишенимин арттыруу максатында «Тамчы» зонасынын алкагында көз карандысыз сот тутумун түзүү боюнча эл аралык соттор коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.