Дарига Назарбаеванын Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды

Дарига Назарбаеванын Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды

Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай чечим Дарига Назарбаева менен Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Парламент жетекчилери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялагандыгынан улам боордош эки өлкөдө илдеттен сактануу багытында көрүлүп жаткан чараларга ылайык пландалган сапарды жылдыруу керектигине токтолушту. Ошондой эле бир тууган эки элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамилени өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, Назарбаеванын Кыргызстандагы расмий иш сапары 16-17-мартка пландалган болчу.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>