Европадан Кыргызстанга велосипед менен келген саякатчылар Бишкекке жеттиАла-Тоо аянтына бийиктиги 32 метрлик башкы балаты орнотулуудаКатарлык дарыгерлер Кыргызстанда угуусу начар 28 балага операция жасаштыЧек ара кызматында жаңы жетекчилер дайындалдыКРда энергетикалык суусундуктардын импортун 6 айга чектөө сунушталдыБишкекте 98 грамм баңгизат менен 22 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте 21-октябрдан тарта № 6, 18, 23, 36 жана 169-автобустардын каттамы өзгөрөт
21.10.2026 | 09:39

Бишкекте 2026-жылдын 21-октябрынан тартып беш автобус каттамынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөрөт. Буга Махатма Ганди көчөсүндө (мурдагы Муромская көчөсү) жол оңдоо иштерине байланыштуу кыймылга убактылуу чектөөлөрдүн киргизилиши себеп болууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
№ 6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу каттап, № 4 шаардык ооруканага кирбейт. Ошондой эле № 23 жана № 18 каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөрөт.
Мэрия шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна бул өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштап, түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: мэрия

