Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштү
22.09.2026 | 18:12

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Курулуш министрлигинин башчысы Нурдан Орунтаев баш аламан курулуштар менен борбор калааны талкалап бүтүштү, деп билдирди депутат Дастан Бекешев.
22-сентябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкерлик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында ал курулуш тармагы абдан жигердүү, тез темп менен өнүгүп, чоң акчалар жумшалып жатканын белгиледи.
«Курулуштун айынан Орунтаев менен мэр Бишкекти талкалап бүтүштү. Унаа токтотуучу жайлары эске алынбаган баш аламан курулуш каалаган жерде жүрүүдө. Жол тыгындары. Элдин пикири аларды таптакыр кызыктырбайт. Активдүү курулуштун айынан Көк-Жар айылында суу жок экени эч кимге кызык эмес. Ал жакта качан суу болот деп сурайсың? «Мүмкүн 2027-жылы болуп калар». 2025-жылы эле мэрия мага канализация тартабыз, суу менен камсыздайбыз деп убада кылган. 2026-жылы болсо долбоор иштетилип гана жатат деп жазып жатышат. Эл суусуз турушу керекпи? XXI кылымда Бишкектин курамындагы айылдар канализациясыз калууда. Жана бул жалгыз бир эле айыл эмес. Ал эми курулуш абдан динамикалуу өнүгүүдө. Жаңы жолдор, имараттар, тротуарлар курулууда. Рахмат, мындай нерсе чынында болгон эмес, бирок асфальт кагаздай жыртылып, жолдор ээрип жатканда сапаты чоң суроолорду жаратууда», — деп ачууланды Бекешев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Дастан Бекешев