Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Ишкерлер күнүнүн урматына карата уюштурулуп, ардак грамотаны КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Яндекс Кыргызстандын GR-директору Азамат Буржуевге тапшырды.
Ишкерлерге кайрылган сөзүндө Беназир Нурланова бизнес-сектордун маанилүүлүгүн статистикалык маалыматтар менен белгилеп өттү.
«2025-жылдын аягына карата өлкөнүн ички дүң продукциясындагы чакан жана орто бизнестин үлүшү 51,7 пайызды, ал эми түзүлгөн кошумча нарктын көлөмү - дээрлик 641 миллиард сомду түзгөн. 2026-жылдын 6 айында өлкөнүн ИДПсындагы чакан жана орто бизнестин үлүшү 35,6 пайызды түзүп, дүң кошумча нарк - 341,6 миллиард сомго жетти, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,5 пайызга өскөн. Бул ушул мезгилдеги Кыргызстандын ИДПсынын жарымынан көбүн түзөт! Бул миңдеген иштеп жаткан ишканалар, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугу, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана шаар-айылдарыбыздын өнүгүүсү».
КРнын экономика жана коммерция министринин орун басарынын айтымында, ар бир ишкананын артында бир кезде тобокелчиликке барып, идеясына ишенип, кыйынчылыктарга карабастан алдыга кадам таштаган адамдардын күчү турат. Анын натыйжасында экономика бекемделип, аны менен кошо өлкөнүн келечегине болгон ишеним да бекем болууда.