Дастан Жумабеков: Атамбаев мыйзам чегинде экс-президент макамынан ажыратылды

Дастан Жумабеков: Атамбаев мыйзам чегинде экс-президент макамынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков V сессиясынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге отчет берип жатып, Атамбаевдин айланасындагы абал боюнча берлиген суроого жооп берди.

“Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылышы  мыйзам талаасынын чегинде болду. Ал эми Кой-Таштагы кырдаал эмне болуп жатканына түшүнбөй жатам. Атамбаев тосмолорду тозуп, элди чогултуп акопторду казып алыптыр деген кептер айтылууда. “Атамбаев курал колдоном деп жатат” деп мыйзамдуу жасалып жаткан ишти Башкы прокуратурага токтоткула деп айта албайм. Менин антип айтканга укугум да жок”, — деди Жумабеков.

Айта кетсек Жогорку Кеңеш 103 депутаттын макулду менен экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен 27-июнда ажыраткан.  Ошол эле күнү VI  чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзүнүн V сессиясын жыйынтыктаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>