• +(996) 550 201 406  
  •  press@reporter.kg
ДҮЙНӨДӨН

Демократтар Дональд Трамптын импичментин талап кылат

АКШда Демократтар партиясынын өкүлдөрү президент Дональд Трамптын импичменти тууралуу маселе көтөрдү, деп кабарлайт РИА новости басылмасы.

Техас штатынан чыккан демкорат Эл Грин АКШ президентин Ак үйдөн кетирүү же калтыруу маселесин добушка салуу документин сунуш кылды.

Буга Трамптын Демократтар партиясына мүчө төрт аялга тил тийгизгени себеп болгон.

Өкүлдөр палатасынын демократтары бул сунушка карышылыгын билдиришкен. Палата спикери Нэнси Пэлоси кош партиянын толук колдоосуна ээ болмоюнча импичимет маселесин көтөрүү эрте деген пикирин айткан.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *