logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Денис Петрашов олимпиада оюндарына экинчи жолдомону утуп алды

Денис Петрашов олимпиада оюндарына экинчи жолдомону утуп алды

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына экинчи жолдомону утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Ал Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча 18-дүйнө чемпионатында брасс стилинде 200 метр аралыкты 2 мүнөт 11,65 секундда сүзүп өтүп, 24-орунду ээлеген.

Петрашовдун жыйынтыгы олимпиядалык нормадан 2,61 секундага ашып түшкөн.

Белгилей кестек Денис Петрашов 21-июлда 100 метр аралыкты  1 мүнөт 94 секундада сүзүп өтүп, олимпиада ооюндарына алгачкы жолдомосун уттуп алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>