Бишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтотот
Депутат почта кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнүн жолун сунуштады
18.05.2023 | 14:26
Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат Арсланбек Малиев почта кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, алар 1200 сомдон 5000 сомго чейин эмгек акы алышат.
“Бул абдан аз. Бүгүн алардын маянасын көтөрүү маселесин чечип бербесек, почта кызматы иштебей калышы мүмкүн. Ошондуктан тез арада Кыргыз почтасын “Айыл банк” менен бириктирип, “Айыл почта банкы” деп жаңы акционердик коом түзүүнү сунуштайм”, – деди Малиев.
Эл өкүлү мындан улам почта кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу маселеси чечилерин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом