Кыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлатКыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташатБашка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөт
Депутат: Айыл жеринде жарык эртең менен, кечинде 3 сааттан өчүрүлүп жатыптыр
31.10.2024 | 16:43
Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов айыл жергесинде электр энергиясы өчүрүлүп жатканын айтып чыкты.
Ал Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-октябрдагы жыйынында президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
“Биздин энергетика министри “кышка даярбыз” деп айткан. “Айыл жергесинде эртең менен 3 саат, кечинде 3 саат жарык өчүрүлүп жатат” деп жарандар кайрылууда. Эмне себептен өчүп жатат?”, – деп суроо салды депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом