Депутат Алтынбеков латын алфавитине өтүүнү сунуштады

Депутат Алтынбеков латын алфавитине өтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Кыргызстандагы жазманы латын арибине өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда парламенттеги «Мекенчил» тобунун жыйынында билдирди.

Жыйында ал билим берүү министри Уланбек Мамбетакуновго кайрылып, мындан мурда депутаттар латын арибине өтүү боюнча сунуш бергенин, учурда кандай иштер жасалып жатканын сурады.

«Коңшу мамлекеттер, дүйнө жүзүнүн баары латын арабине өттү. Кирилл ариби менен жүргөн эки-үч эле мамлекет калдык», — деди ал.

Билим берүү министринин айтымында, бул маселе Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын укугуна кирген маселе болуп саналат.

«Бул маселе улуттук тил комиссиясынын деңгээлинде чечилиши керек. Биз негизи каршылык көрсөтпөйбүз, макул болобуз. Бирок каражаттарды да караш керек. Себеби мугалимдерди окутуш, башка окуучуларды үйрөтүш керек, андан тышкары окуу китептерин даярдап, баарын кайра иштеп чыгыш керек болот», — деди ал.

Андан кийин сөздү Алтынбеков алып, депутаттык топтун бүгүнкү чечимине латын арибине өтүү боюнча 5 жылдык же 2030-жылга чейинки программаны иштеп чыгуу сунушун киргизүүнү демилгеледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда латын арибине өтүү маселеси көп жылдан бери айтылып келет. Кыргызстан өтө турган латын арибинин варианттары да иштелип чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>