Жапаров: Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоону аяктап жатабыз

Жапаров: Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоону аяктап жатабыз

Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында тарыхый окуя. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан боордош Өзбекстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Кыргызстан үчүн Өзбекстан ынак коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш.

«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем»,— деди ал.

Ошондой эле Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө Мирзиеевдин баа жеткис ролу бар экенин айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>