Депутат Башкы прокурордон Бакиевдерди кайтарып келип, соттоону талап кылды

Депутат Башкы прокурордон Бакиевдерди кайтарып келип, соттоону талап кылды

Бүгүн, 20-апрелде парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ченемдик укуктук актылар жана мыйзамдуулук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутаттар Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун угушту.

Депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурордон Бакиевдердин үй-бүлөсүн мекенине өткөрүп берүү боюнча ишти токтотпоону талап кылды.

«Максим менен Жаныш Бакиевдерди Кыргызстанга кайтарып келүү керек. Аларды соттош керек. 80ге жакын адам алардын күнөөсүнөн улам каза болгонун унутпашыбыз керек. Акыры Бакиевдердин мүлкү эмнеге айланганы айтылышы керек. Бул үй-бүлөнүн колдоочулары мамлекеттик органдарда иштешет», — деди Мирлан Жээнчороев

Курманкул Зулушев эл өкүлүнө Беларусь Курманбек Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоодон баш тартканын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>