Бишкекте Чүй көчөсүнүн Ак-Босого конушундагы оңдолгон бөлүгү ачылдыЧет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМӨзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалдыКыргызстанда «Тоолор жана адамдар» аттуу фотосынак жарыяландыМаматалиев КМШга Айтматовдун 100 жылдыгын бирге белгилөөнү сунуштадыМанас шаарындагы өрт: эки адам каза болуп, бирөө реанимацияда жатат
Адылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат
22.09.2026 | 12:18

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары, Минкаб төрагасы 5-Бүткүл дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө барат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Адылбек Касымалиев, Кытай