Депутат Бишкек ШИИБдин башчысына чара көрүүнү талап кылды — видео

Депутат Бишкек ШИИБдин башчысына чара көрүүнү талап кылды — видео

Акыркы убакта жаш балдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук аракеттери күч алып жатканын Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында депутат Винера Раимбачаева (Ыйман Нуру) билдирди.

Депутат бул жаатта жүргүзүлгөн тергөө иштеринин начардыгын сынга алуу менен туура эмес иш жүргүзгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине чара көрүүнү талап кылды.

Ал Сокулук районундагы окуяга токтолду.

«2-февраль күнү милицияга Сокулук районунун тургуну, 9 жаштагы кыздын апасы кайрылган. 158-берене боюнча кылмыш иши козголуп, бирок тергөөчү менен участкалык милиционер эне менен кызга психологиялык басым жасап, ишти жабууга аракет кылышкан. 2 айда эч кандай өзгөрүү жок. Милиция кызматкерлеринин бул кайдыгерлигиби? Алар өз милдеттенмелерин аткарышпайт. Алар орой мамиле кылышат. Көптөгөн өспүрүм кыздарыбыз психологиялык жактан жабыркап, өз жанын кыйышат. Бул милиционерге кандайдыр бир чараларды көрүү керек. Ички иштер министри бул маселени көзөмөлгө алсын», — деди ал.

Винера Раимбачаева бул маселе боюнча өткөн аптада Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев кайрылуу жасаганын эске салды.

«Алар кандай мамиле жасап жатканын баарыбыз көрдүк. Ал мындай иштерге кыздар өз каалоосу менен барарын айтты. Бул туура эмес. Мындай кызматкерлерге чара көрүлүшү керек”, — деди депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылып.

Белгилей кетсек, 31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысы Ногойбаев жана анын орун басары социалдык түйүндөрдө түз эфирге чыгып, борбор калаанын милициясынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришкен. Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай «окуялар» болуп жатканын айткан. Анын сөзү коомчулукта катуу сынга кабылган. Бишкекте анын отставкасын талап кылган митинг да өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>