Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Депутат: Чек арада Тажикстан окопторду казууда
19.05.2021 | 11:26
Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде Тажикстан окопторду даярдоодо. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев айтты.
Бердиевдин айтымында, бул маселе боюнча министрлер кабинети менен Чек ара кызматын чакырып маалымат угу керек.
“Чоң-Алайдын чек арасында тажик тарап окоп казып отурукташып жатат деп жергиликтүү тургундар телефон чалып, кооптонуп жатканын билдиришүүдө. 1999-жылы алгачкы чоң кол салуу Чоң-Алайда болгон. Бул жактан аскерлер баргыча элдер өзүлөрү тосуп чыккан. Азыр да абал оор болуп жатат. Тезинен чечим кабыл албаса ал жерде Баткендегиден да абал оор болот. Ал жакта тургундар аз, алар кирип келсе тосуп чыкканы эч ким жок, тез эле Гүлчөгө келип калышат”, – деди депутат.