Депутат чет элдик инвесторлорго “алтын паспорт” берүүнү сунуштады

Депутат чет элдик инвесторлорго “алтын паспорт” берүүнү сунуштады

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов чет элдик инвесторлорго “алтын паспортторду” берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мындай паспорттор ири завод, фабрикаларды кургандарга берилиши керек.

«Эгерде бул адамдар ири завод, фабрикаларды ачып, жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылып, миллиондогон акчаларды бизнеске жумшаса, паспорт алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн», — дейт Тазабек Икрамов.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров учурда ушундай эле мыйзам долбоору иштелип жатканын айтты.

«Алтын паспорт» деген түшүнүк бар. Эгерде адам болжол менен 10 миллион инвестиция салса, ага жеңилдетилген система аркылуу жарандык алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Ушундай эле мыйзам долбоору азыр иштелип жатат», — деди Айдарбек Мамбеткадыров.

Жыйында “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>