Депутат: Чүйдө айыл өкмөттүн, милиция жана УКМКнын кызматкерлери оорукчан адамдардын үйлөрүн тартып алган

Депутат: Чүйдө айыл өкмөттүн, милиция жана УКМКнын кызматкерлери оорукчан адамдардын үйлөрүн тартып алган

Чүйдүн Ысык-Ата районунда айыл өкмөттүн, милиция жана УКМКнын кызматкерлери психикалык жактан ооруган адамдардын үйүн жана жерлерин тартып алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди.

Таштанбековдун айтымында, аталган мекемелердин кызматкерлери психикалык жактан ооруган үч адамдын, анын ичинде 74 жаштагы Валентина Лапина деген аялдын үйүн жана жерлерин тартып алган. Ага байланыштуу депутат башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алууну суранды.

«Лапина Валентина Сергеевна Токмоктогу психоневрологиялык стационарда жатат. Ивановка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 2 үйүн жана 1 жер тилкесин тартып алып коюптур. Кайтарып бергиле десем, болбой коюшту. Жакында эле жактоочу жалдап, биринчи инстанциядагы сотто уттум. Аттарын атабай эле коеюн, ал жерде Ысык-Ата райондук милициянын тергөөчүсү, УКМКнын кызматкери бар (катышы бар — ред.). Мындан улам бул ишти тапсаңыздар. Муну Аскердик прокуратура тергеши керек. Психикалык жактан ооруган үч адамдын жерлерин, үйлөрүн тартып алган экен», — деди депутат.

Зулушев аталган ишке укук коргоо органдарынын кызматкерлери аралашканы аныкталса, алар жоопко тартыларын билдирди.

«Эгер бул ишке укук коргоо органдарынын кызматкерлери аралашкан болсо, сиз жашырбаңыз. Атын айтыңыз. Бүгүн кимди болбосон, күнөөсү далилденсе, прокурор, УКМК же милиция кызматкери экенине карабай жазалайбыз. Бизге аттарын бериңиз. Ал аялдын арызы бизде бар. Бул ишти карап, жыйынтыгы тууралуу маалымат беребиз», — деди Зулушев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>