Депутат Э.Сурабалдиева Эсептөө палатасында бир дагы аял аудит жок экенине нааразы

Депутат Э.Сурабалдиева Эсептөө палатасында бир дагы аял аудит жок экенине нааразы

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Эсептөө палатасынын аудити кызматына сунушталып жаткан талапкерлердин тизмесинде бир дагы аял жок экендигине нааразы болду. Бул тууралуу депутат 23-майда Жогорку Кенештин бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында президенттин Жогорку Кеңештеги жана министрлер кабинетиндеги өкүлү Алмасбек Абытов азыркы мыйзам боюнча Эсептөө палатасында 9 аудит болушу керектигин белгилеп, президент тарабынан сунушталган 3 талапкер менен тааныштырды. Ал эми дагы 3 бош орунга Жогорку Кеңеш тарабынан талапкерлер сунушталышы керек.

Депутат Элвира Сурабалдиева тизмеде бир дагы айым жок экендигин белгилеп, аны тизмени өзгөрүү керектигин айтты.

Тизмеде татыктуу талапкерлер экенин көрүп турам, бирок арасында эмне үчүн бир дагы талапкер айым жок? Аялдар бул кызматка татыктуу эмеспи? Же фракция лидерлери аларга ишенбейби? Эсептөө палатасында 4 эркек аудитор иштейт. Акыркы 10 жылдан бери жалаң эркектер иштеп келет. Бул тизмеде дагы 7 адам сунушталып жатат. Аялдар кайда? Эсептөө палатасында талапкерлердин 70%ы эркек, калган 30%ы аялдар болушу керек. Бул маанилүү кызмат. Эмне үчүн бул тууралуу дайыма кыйкырып айтып чыгуу керек? Эмне үчүн эркектер бул маселени өздөрү көтөрүп чыгышпайт? Кантип эле Кыргызстан боюнча аудитор болуп иштей турган айымдар жок? Мен бул тизмеге каршымын, кайра карап, оңдоп келгиле”, — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аудит

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>