Депутат Эрулан Кокулов жайында жасаган иши тууралуу айтып берди

Депутат Эрулан Кокулов жайында жасаган иши тууралуу айтып берди

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулдан келип, парламенттин VII чакырылышынын экинчи сессиясынын ачылышы болду.

Reporter.kg депутат Эрулан Кокуловго жайкы каникулдагы иштери жана эс алуусу тууралуу суроо салды.

Анын айтымында, ал облустарда шайлоочулар менен жолугушуудан тышкары Таластагы мектептердин биринде достору менен бирге жылуулоо иштерин жүргүздү.

«Облустарда жолугушуулар болуп турду. Башкы жумушубуз Таластын Арал айылындагы мектепти жылуулоо болду. Досторумдун демөөрчүлүгү менен жылууладык. Муну менин ушул жылдагы жасаган жумушум деп ойлойм. Ал мектепте электр энергиясы канчалык үнөмдүү болот байкап көрөбүз. Эгер өткөн жылга караганда үнөмдүү болсо, келерки жылы көбүрөөк мектепте жылуулоо иштерин жасайбыз», — деди ал.

Ал эми эс алуусу тууралуу ал кыскача айтып өттү. Анын айтымында, ал эс алууга чет мамлекетке барган жок.

«Ысык-Көлгө бир-эки жолу барып келдим», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>