«Алтын-Ордо» жаңы конушунда жаңы мектеп ачылды — сүрөт

«Алтын-Ордо» жаңы конушунда жаңы мектеп ачылды — сүрөт

Сапаттуу билим берүү – жаркын келечекке карай жол жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы №98 мектептин ачылыш аземинде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.

Жапаров мектеп окуучуларын, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, быйыл борбор калаада 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушу башталгандыгын белгиледи. Бул максаттарга 3 млрд сом багытталып, анын ичинде республикалык бюджеттен – 2,5 млрд сом, шаардык бюджеттен 450 млн сом бөлүнгөн.

Мектепке Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылган.

 «Билимдүү адамдар аркылуу гана экономиканы, маданиятты, искусствону, спортту көтөрө алабыз. Мугалимдер билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуунун заманбап алдыңкы ыкмаларын киргизүү үстүндө талыкпай эмгектениши керек. Сапаттуу билим туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы катары жаркын келечекке жол ачат. Балдарыбыз бир нече чет тилдерде сүйлөп, музыкалык билимге ээ болушу керек, так илимдерди, өзгөчө IT технологияларды үйрөнүшү зарыл. Алар мектептен ар тараптуу билим алган калыптанган инсан катары чыгышы керек», — деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Жапаров №10 орто мектепте болуп, Билим күнүнө арналган салтанаттуу жыйынга катышты.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>