Депутат Кашка-Суудагы адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынан кийин чиновниктерди жазалоону талап кылды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Ибрагимов Кашка-Суу айылындагы адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынан кийин кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Ал кырсыктан аял жана анын төрт баласы каза болгонун эске салды.

Депутаттын айтымында, учурда айдоочу гана камакка алынган, бирок жооптуу кызматкерлерге карата эч кандай чара көрүлгөнү тууралуу маалымат жок.
«Жок дегенде бир чиновник кызматтан алынганы же ага карата кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнү тууралуу уккан жокмун», — деди Ибрагимов.
Ал бардык күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранып, кырсык болгон жерде жол белгилери жок болгонун айтты.
«Ал жерде жөн эле асфальттын бир бөлүгү турат. Жолду карасаң, биз жол кырсыктарынан өлүм көп катталган өлкөгө окшобойбуз, бирок чындыгында андай көрүнүш бар», — деди депутат.
Ошондой эле Ибрагимов бул тилкеде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери аз экенин белгиледи. Анын айтымында, Ала-Арча тарапка туристтер көп каттагандыктан, милиция кызматкерлери бул жерде туруктуу көзөмөл жүргүзүшү керек.
Эске салсак, жол кырсыгы беш күн мурун Кашка-Суу айылында болгон. Анын кесепетинен аял жана анын төрт баласы каза тапкан. Шектүү айдоочу кармалып, камакка алынган.