«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Таластагы «Беш-Таш» жаратылыш паркына асма жол курулат
20.05.2026 | 16:00

Талас районундагы «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына узундугу 1 чакырым 380 метрди түзгөн асма жол курулат. Аны куруу үчүн Кытайдын «Zumsun» компаниясы менен келишим түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Талас обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Долбоорго ылайык, курулуш иштери июнь айында башталат. Ошондой эле паркка айнектен жасалган байкоо аянтчалары, кафе-ресторан жана «A-frame» үлгүсүндөгү үйлөр салынат.
Мындан тышкары КРдин Транспорт министрлиги тарабынан Талас шаарынан «Беш-Таш» жаратылыш паркына чейинки 20 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Өкүлчүлүк келечекте аталган паркта зиплайн жана родельбан орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом