Депутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилүүчү азык-түлүк компенсациясын көбөйтүүнү сунуштады

03.06.2026 | 15:17
Бактыяр Калпаев

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк үчүн төлөнүүчү акчалай компенсациянын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Анын айтымында, учурда аскер кызматкерлерине жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине суткалык паек үчүн 70 сом өлчөмүндө каражат каралган.

Депутат акыркы жылдары инфляциянын өсүшү жана азык-түлүк бааларынын кымбатташы менен бул сумма бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербей калганын белгиледи.

«Салыштыруу үчүн айтсам, абакта отурган бир адамдын күнүнө үч маал ысык тамагына мамлекет тарабынан суткасына 130 сом бөлүнөт. Ал эми күнү-түнү кызмат өтөп, өлкөнүн коопсуздугун жана чек арасын коргоп жаткан аскер кызматкерлерине жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө төлөнүүчү 70 сом азыркы шартка жооп бербейт», — деди Калпаев.

Буга байланыштуу депутат министрлер кабинетин күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине азык-түлүк үчүн төлөнүүчү акчалай компенсациянын өлчөмүн жогорулатуу маселесин карап чыгууга чакырды.

Scroll to Top